Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Бир жерди түнөк кылуу, түнөө. Каз коноктогон жер. 2. Конок кылып сыйлоо, сый көрсөтүү, күтүү. Ал апендини жакшылап коноктоду («Жомоктор»). 3. Конок болуу, бирөөнүкүнө конокко баруу, сый көрүү. Беш күндөн бери коноктоп жүрүп, эми колум бошоду («Ала-Тоо»). Айылды түгөл кыдырып, көп жерде коноктоп жүрдүк («Чалкан»).